Programma SMART kg

русский

EDUVISO SMART

Германияда иштегенге Кыргызстанда жана Германияда медайым/медаганын окуусу (Аусбильдунг)


Кыргызстандан медайымдардын Германиядагы мүмкүнчүлүгү


  • Германияда бүгүнкү күндө оорулууларга жана карыларга кам көрүү тармагындагы адистерге суроо-талап жогору;
  • Германия кыргызстандык жана немец адистерди ишке орноштурууга бирдей мамилени жана бирдей шарттарды камсыз кылат;
  • Германияда медайымдардын айлыгы 3.000 евродон жогору. Салыктарды, медициналык камсыздандырууну жана пенсиялык фондду алып салгандан кийин 2.000 евродон ашык акча колунда калат;
  • EDUVISO SMART программасы  Германияда жана дүйнө жүзү боюнча академиялык жана кесипкөй өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат.


EDUVISO программасы Кыргызстанда жана Германияда


  • EDUVISO SMART программасы студенттерди Германияда диплом таанууга жана иштөөгө даярдайт.

  • Бул тил мектепти, иштөө үчүн квалификацияны, стажировканы, ошондой эле Германиядагы иш берүүчүлөр менен кызматташууну, визаларды жана иштөөгө уруксаттарды алууга көмөктөшүүнү өзүнө камтыйт.

  • Биз ошондой эле Германиядагы өз кеңсебиз менен EDUVISO SMART катышуучуларын колдойбуз.
  • EDUVISO SMART программасы медициналык мектеп учурунда жүргүзүлөт жана 4 жылга созулат. Кыргызстанда 3 жыл, Германияда 1 жыл окуйсуз. Германияда төртүнчү жыл окуу бекер.

  • EDUVISO SMART программасы Кыргызстандын төмөнкү шаарларындагы колледждер жана өнөктөштөр менен иштешет: Бишкек, Ош, Нарын, Кара-Балта.


Германияда медайымдар/

медагалар кайда иштешет


  • Оорукана
  • Гериатриялык борбор
  • Пациенттерге баруу 


Программанын артыкчылыктары


  • Немис тилин В2 деңгээлине чейин үйрөтөбүз
  • Кыргызстандын диплому жана Германияда дипломдун толук таанылышы
  • Кесиби боюнча Германияда мыйзамдуу иштөөгө уруксат
  • Германияда ишенимдүү иш берүүчү менен иштөө (ортомчуларсыз)
  • Саны эмес, сапаты: Кыргызстандагы жана Германиядагы EDUVISO программасынын катышуучуларына үй-бүлөлүк камкордук жана ар тараптуу колдоо. Германияда иш берүүчүлөрдүн жогорку ишенимдүүлүгү


Силер дагы эмнеге ээ болосуңар


Германиянын менталитети жана маданияты менен таанышуу, психологиялык жактан даярдоо.


Эмне үчүн EDUVISO


  • 25 жылдан ашык тажрыйба
  • Немис менеджменти
  • Немис иш берүүчүлөр менен түз иштешүү
  • Кыргызстанда да, Германияда да сиздер менен бирге болобуз

Профориентация


Профориентация

Свяжитесь с нами!

Контакт

В Кыргызтане, программа EDUVISO работает с колледжами и партнерами в следующих городах Кыргызстана: Нарын, Бишкек, Ош, Кара-Балта.


Главный офис в Кыргызстане:

EDUVISO-KG OcOO Kyrgyzstan
ул. Исанова 79
г. Бишкек, 720001

Тел / WhatsApp: +996 (505) 11 00 20

Главный офис в Германии:
EDUVISO GmbH
Почта: Ул. Земпер 3a / 01069 Дрезден

Офис: Тарандтер Стр. 31-33 / 01159

01159 Дрезден
Германия

Share by: