Германияда билим алуу (аусбильдунг)
Германиядагы кесиптик окуу жайы
Немис компанияларында теория плюс реалдуу практика
- Дуалдык билим берүү системасы уникалдуу. Мындай окутуу 3 жылга созулат. Ал өзүнө теориялык жактан даярдык менен иш берүүчүдө практикалык окутууну айкалыштырат. Германияда немис ишканалары ишке студенттерди жалдайт жана окуп жаткан учурда эле, аларга анча чоң эмес болсо да эмгек акы төлөйт.
- Германияда кесиптик окутууга мамиле Кыргызстандагы мамиледен олуттуу айырмаланат. Германияда калктын 17,6 %ынын гана жогорку билими бар. Германияда жаш адамдардын басымдуу көпчүлүгү (47,5 %) кесиптик –техникалык окуу жайларында дуалдык система („duale Berufsausbildung“) боюнча окушат.
- Окууну аяктагандан кийин көпчүлүк студенттер ошол эле компанияларда калышат жана иштөөнү улантат. Немис экономикасынын абдан чоң ийгиликтүүлүгүнүн жана немис продуктуларынын жогорку сапаттуулугунун биринчи себеби билим берүү системасы дуалдык болуп саналгандыктан деп эсептелет.
- Белгилей кетчү нерсе, барган сайын көбүрөөк америкалык компаниялар Германиянын үлгүсүн ээрчүүгө аракет кылып жатышат.
Германиямаксаты (ausbildung) да окутуунун
Окутуунун максаты- окуу жайды аяктагандан кийин Германияда бул тармакта легалдуу иштөө. EDUVISO менен сиз жакшы маянасы бар жакшы жумуш берүүчүнү табаарыңызга ишене аласыз.
Германияда кайсы тармактарда (аусбильдунг) окууга болот?
- Бул тизмедеги бардык кесиптер өтө жогорку деңгээлдиги 3 - 3,5 жылдык окуу болуп саналат. Мындай билим берүүнүн келечеги: устаттыктын жогорулашы, жогорку киреше, бул кесиптер боюнча ийгиликтүү жумуш жана Германияда коопсуздук.
- Германиянын жогорку стандарттары бул кесиптерди талаптуу жана жакшы төлөмдүү кылышты. Мисалы, курулуш адистиктери жогорку технологиялуу жана баалуу.
- Өз кезекте IT адистиктери англис жана немис тилдерин жана так илимдерди билүүгө талап кылат.
Учурда төмөнкү багыттар боюнча чоң муктаждык бар:
- Химия адистиги боюнча билим (Chemikant, Produktionsfachkraft Chemie)
- IT-адис (колледж) Маалыматтык технологияр боюнча адистер (Fachinformatiker)
- Курулуш боюнча адистер Жыгач устасы (Zimmermann), электрик (Elektriker), курул боюнча электрик (Bauelektriker), ташсалгыч (Maurer), жыгач куруучулар (Gerüstbauer)
- Медицина багыты Медайым/медага: Оруулулар жана карыларга кам көрүү боюнча адис (Pflegefachkraft)
- Гастрономия жана туризм: Ресторан адиси, ашпозчу, мейманкана жана туризм боюнча адис (Tourismus-Fachkraft, Tourismus-Kaufmann)
EDUVISO менен жол
- Көөбүрөк маалыматты биздин сайттан же Instagramдан алсаңыз болот (брошюранын төмөн жагында).
- Бул жол силерге ылайыктуу экенин ата- энеңер менен сүйлөшкүлө. Алардын макулдугу талап кылынат. Кесип тандоо-маанилүү кадам.
- Биз менен байланышкыла. Биз силерге кошумча маалыматты берип жана маектешебиз.
- Германияда окуу үчүн немис тилин билүү талап кылынат. Силер немис тилин EDUVISO менен же өзүңөр окусаңар болот. Төмөндө окуңуз «немис тилин билүү».
- EDUVISO силерге колледжди жана жумуш берүүчүнү тандоого жардам берет жана Германияда силер менен болот.
Немис тилин билүү
Сиз немисче сүйлөй элексизби? Биз сизге программага катышууга мүмкүнчүлүк берген немис курсун табууга жардам берүүгө даярбыз.
Эмне үчүн EDUVISO
- 20 жылдан ашык тажрыйба
- Немец менеджменти
- Немис иш берүүчүлөр менен түз иштешүү
- Кыргызстанда да, Германияда да сиздер менен бирге болобуз